Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Президенттин көк бөрү боюнча Кубогунун финалдык беттеши өтөт

Кыска кабар , Спорт | 8 Ноя 2020 | 589 | 0

Бүгүн, 8-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин көк бөрү боюнча Кубогунун финалдык беттештери өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

7-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин көк бөрү боюнча Кубогунун ырааттамасына жана мелдештик торчосуна ылайык, Биринчи жана Жогорку лигалардын  3-орун үчүн оюндары өткөрүлдү.

18:2 эсеби менен «Келечек» командасы «Суусамыр» командасын жеңип, Биринчи лиганын коло байгесинин ээси болду. Жогорку лигада «Сары-Өзөн» командасы 9:1 эсеби менен алдыга чыгып, «Жаш Күч» командасын артка калтырды.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM