Бүгүн, 8-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин көк бөрү боюнча Кубогунун финалдык беттештери өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
7-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин көк бөрү боюнча Кубогунун ырааттамасына жана мелдештик торчосуна ылайык, Биринчи жана Жогорку лигалардын 3-орун үчүн оюндары өткөрүлдү.
18:2 эсеби менен «Келечек» командасы «Суусамыр» командасын жеңип, Биринчи лиганын коло байгесинин ээси болду. Жогорку лигада «Сары-Өзөн» командасы 9:1 эсеби менен алдыга чыгып, «Жаш Күч» командасын артка калтырды.
Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.