Биз менен байланышыңыз

Талас: Көк бөрү боюнча алгачкы беттештер жыйынтыкталды

Кыска кабар , Спорт | 16 Сен 2019 | 566 | 0

Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан Көк бөрү оюнунун алгачкы беттештери жыйынтыкталды.

Белгилүү болгондой, оюн талаасында алгач Ош облусу менен Нарын облусу бет келип, Нарындын улакчылары Оштун улакчыларына 12:0 эсебинде жеңилип беришти.

Ал эми экинчи, өтө кооптуу, ары бүйүр кызыткан оюн Бишкек шаары менен Ысык-Көл облусунун командаларынын ортосунда жүрдү. Алгач 4:0 эсебинде утулуп жаткан Бишкектин улакчылары оюн эсебин бат эле теңеп, 5:4 эсебинде Ысык-Көлдүн улакчыларын утуп алышты.

Оюн талаасына үчүнчү болуп Баткен облусу менен Чүй облусунун командалары чыгып, Чүйдүн улакчылары Баткендин улакчыларын 12:2 эсебинде жеңип алды.

Оюндун эртеңки бөлүгүндө Талас облусу менен Нарын облусу; Жалал-Абад облусу менен Ысык-Көл облусу; Ош шаары менен Баткен облусу беттешет. Оюн саат 9:00дө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM