Биз менен байланышыңыз

Талас облусунда эмдөө иштери активдүү жүрүүдө

Кыска кабар | 26 Авг 2020 | 580 | 0

Талас облусундагы айрым айыл өкмөттөрдө калкты эмдөө иштери 60%га аткарылды. Бул тууралуу облустун иммунологу Чолпон Сагындыкова билдирди.

“Быйыл календардык планга ылайык эмдөө иштерин өз учурунда баштадык. Бирок COVID-19 илдети күчөп, июль айында калкты эмдөө басаңдай түштү. Учурда Талас шаары боюнча 1 жаштагы балдар 40%, 2 жаштагы балдар 37%, 6 жаштагы балдар 38% эмделип бүттү. Сентябрь-октябрь айларында дубандын жашоочуларынын 90% эмдөөгө аракет кылабыз. Учурда облус боюнча мобилдик топтор үймө-үй кыдырып, даректүү эмдөө жүргүзүшүүдө”, — деп белгиледи Сагындыкова.

Copyright © 2017 Maral FM