Биз менен байланышыңыз

Талас: Коронавирус боюнча текшерилген 45 адамдын анализи таза чыкты

Кыска кабар | 29 Мар 2020 | 1541 | 0

Кечээ, 28-март күнү Таласта коронавируска карата текшерүүгө алынган 45 адамдын анализи чыкты. Бул тууралуу Талас облусунун жетекчисинин орун басары Кыял Жанузакова билдирген.

Анын айтымында, облуска ар тараптан медициналык каражаттар жагынан жардам келип жатат. Эң биринчи медицина кызматкерлерин, обсервацияда иштеген дарыгерлерди камсыздоо керек. Бүгүнкү күндө обсервацияда 131 адам жатат. Текшерүүгө алынган 45 адамдын баарынын анализи таза чыкты. Жалпы облус боюнча 600дөн ашык жаран медициналык көзөмөлдө турат.

18-марттан бери Кыргызстанда коронавирус боюнча 58 жагдай катталган.

Анын ичинен:

Ош облусунда 27;

Жалал-Абад облусунда 26;

Чүй облусунда 4;

Баткен облусунда 1.


Президент менен өкмөт башчы антикризистик планды талкуулады

 

Copyright © 2017 Maral FM