Биз менен байланышыңыз

Президент менен өкмөт башчы антикризистик планды талкуулады

Кыска кабар | 29 Мар 2020 | 668 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту.

Анда коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө чаралары жана анын экономикага тийгизүүчү кесепеттерин азайтуу боюнча Өкмөттүн антикризистик планы талкууланды. Антикризистик чаралардын комплекстүү планын тездетип кабыл алуу зарылдыгы белгиленди.

Мамлекет башчысы түзүлгөн кырдаалда биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, макроэкономикалык кырдаалды жолго коюуга жана ишкерликти колдоого көңүл бурулушу керектигин айтты.

Өзгөчө абал киргизилген аймактардагы калкка эң зарыл болгон азык-түлүктөрдү жеткирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Муну менен бирге өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шартында калктын социалдык аялуу катмарына даректүү жардам көрсөтүү боюнча сөз болду.

Президент ошондой эле медицина кызматкерлерине максималдуу колдоо көрсөтүүнүн, аларды бардык зарыл болгон каражаттар менен камсыздоонун маанисин белгилеп өттү.

Сооронбай Жээнбеков Республикалык ыкчам штаб бардык түзүмдөрдү координациялоону күчөтүшү керектигин, жарандардын, медиктердин жана жер-жерлерде комендатура менен кызматташууга тартылган башка адамдардын суроо-талаптарына өз убагында жооп берүүсү зарылдыгын билдирди.

Абылгазиев өкмөт коронавирус инфекциясынын өлкө экономикасына терс таасирин азайтуу боюнча бардык чараларды көрүп жатканын билдирди.

Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча иштер тууралуу, башка антикризистик чаралардын ишке ашырылышы жөнүндө кеңири айтып берди.

Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине кошумча материалдык каражат бөлүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM