Биз менен байланышыңыз

УКМК 760 миңден ашуун таңгак контрабандалык тамекини кармады (сүрөт)

Кыска кабар | 8 Мар 2021 | 870 | 0

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан контрабандалык тамекиден 760 миңден ашуун куту табылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 7-мартта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Талас облусунун аймагында УКМК чек ара кызматынын көмөгү менен, 2 оор тамеки өнүмдөрүн мыйзамсыз ташыган унааларды кармады.

Кармалган жүк ташуучу унаалар ар кандай өндүрүүчүлөрдөн 760 миңден ашык куту тамекини тиешелүү уруксат кагазы жок мыйзамсыз ташып бара жаткандыгы аныкталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган контрабандалык жүктүн наркы 40 миллион сомдон ашат.

Учурда бул иш боюнча бардык жагдайларды жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM