Биз менен байланышыңыз

Орусияда көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 723 | 0

12-июнда Орусиянын Москва районуна караштуу Сергиев шаарында Чыңгыз Айтматов кубогуна арналган Көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Мелдеш «2020-жыл — Кыргызстан менен Орусиянын кызматташуу жылы» Жарлыгынын алкагында өтүп жатат.

Турнирдин негизги максаты: кыргыз-орус мамилесин чыңдоо, Чыңгыз Айтматовдун атын кылымдарга сактап калуу жана көк бөрү оюнун Евразия элдеринин улуттук оюну катары таанытуу болуп саналат.

Мелдеш Кыргызстандын «Көк бөрү» Федерациясынын эрежелери менен өтмөкчү.

Жеңүүчүлөр Чыңгыз Айтматовдун кубогу жана уюштуруу комитетинин белектери менен  сыйланышат.

Copyright © 2017 Maral FM