Биз менен байланышыңыз

Улуттук адабият күнүнө карата Бишкекте Айтматовдун эстелигине гүл коюлду

Кыска кабар | 12 Дек 2020 | 808 | 0

Бүгүн, 12-декабрда, чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн утурлай Улуттук адабият күнү белгиленүүдө. Ага карата жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ала-Тоо» аянтындагы эстелигине гүл коюлуп, бир катар иш-чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Иш-чарага маданият министринин орун басары Илязбек Балташев, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, Республикалык китепкананын директору Роза Султангазиева жана USAID агенттигинин «Окуу керемет!» долбоорунун директору Лиана Гертч катышты.

Республикалык китепканада Айтматовго байланышкан онлайн жана офлайн иш-чаралар өткөнү белгиленди.

Мындан тышкары, Бишкекте «Мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов» аталышындагы IV Ысык-Көл форуму болуп өттү. Иш-чара онлайн форматында болуп, ага жазуучунун туугандары, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, Кыргызстандагы бир катар жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен Түркиядан келген коноктор катышты.

Ошондой эле Улуттук адабият күнүндө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков баштаган бийлик өкүлдөрүнүн жана бир катар адабият, маданият ишмерлеринин катышуусунда иш чара болуп, анда «Кылым карытар бир күн» спектакли коюлат.

Copyright © 2017 Maral FM