Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча сынак өткөрүлөт

Кыска кабар | 15 Дек 2019 | 1554 | 0

Бүгүн, 15-декабрь саат 10:00дө Улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, «Ыйык Ата Журт» коомдук фонду жана «Оку» басма үйү менен биргеликте уюштурулуп жаткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматы билдирди.

Жазуучунун «Кылым карытар бир күн», «И дольше века длиться день», «Ак кеме» чыгармалары боюнча сынакка үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрынан 5-декабрына чейин катталуу жүрүп, «Канткенде адам уулу адам болот?» деген ураан менен жазуучунун чыгармалары боюнча балдар жана жаштар арасында китеп окууга кызыгууну арттыруу жана Айтматовдун чыгармачылыгын жайылтуу максатында «Оку» долбоору старт алган.

Бул сынакка Республиканын баардык аймактары боюнча 7 миңден ашык катталуу келип түшкөн. Кыргызстандын жети дубанынын борборлорунда сынак өткөрүлүп, Бишкек шаарында «Ак кеме» повести боюнча Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде (ЭИТУ), К. Карасаев атындагы БГУда, «Кылым карытар бир күн» чыгармасы боюнча Эл аралык «Ала-Тоо» университети менен Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде, «И дольше века длиться день» романы боюнча И. Арабаев атындагы КМУда өткөрүлмөкчү.

Сынак тест түрүндө жүргүзүлүп, мөөнөтү 1 саат 40 минут болот. Сынактын жыйынтыгы элге ачык жарыяланат. Байге фонду 300 000 сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM