Биз менен байланышыңыз

Байге фонду 250 миң сомду түзгөн VII Республикалык китеп окуу конкурсу башталат

Кыска кабар | 11 Сен 2021 | 1101 | 0

«Оку» долбоорунун алкагында, китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган VII Республикалык китеп окуу конкурсу башталды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, жалпы окурмандар үчүн «Окуучу кыз», мугалимдер үчүн «Финдердей окуталы» жана мектеп окуучулары үчүн «Эрте келген турналар» китебинен онлайн жана офлайн форматта конкурс өткөрүлөт.

Быйылкы өткөрүлө турчу VII Республикалык китеп окуу конкурсунун жалпы байге фонду 250 миң сом болору белгиленди.

Катталуу www.oku.biz.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт. Конкурска катталуу 25- ноябрда аяктайт.

Copyright © 2017 Maral FM