Биз менен байланышыңыз

Идирисов: Китеп окууда Кыргызстанды Африкага теңешет

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Ноя 2020 | 904 | 0

Китеп окуу деңгээли боюнча Кыргызстанды Африка өлкөлөрүнө теңешет. Бул тууралуу «Оку!» долбоорунун негиздөөчүсү Сейитбек Идирисов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Кыргызстанда бир жылда 11 киши 1 китеп окуйт деген маалыматтар бар. Бул статистика менен бизди Африка өлкөлөрүнө теңеп жатышат. Статистикалык маалыматтарды карасаң, зээниң кейийт. Коомдогу көйгөйлөр кайсы бир деңгээлде китеп окуу менен байланыштуу. Коомчулук көп китеп окуганда, балким жашоого болгон көз карашы башкача болуп, жан дүйнөсү байып, үй-бүлөлүк көйгөйлөр аз болмок. Маселелердин баары билбегендиктен келип чыгат. Коом көп нерседен маалыматы болсо, көйгөйлөрдү чечүү жолдору жеңилдемек», — дейт Идирисов.

Анын айтымында, коомдо болуп жаткан маселелердин түпкүлүгүндө элдин сабатсыздыгы жатат. Андыктан, китеп окуу абдан маанилүү.

«Маркум Чубак ажы Жалиловдун мисалында карасак, китепти көп окуган киши коомчулукка да, өзүнө да пайдалуу болот. Социалдык тармактын колдонуучуларынын 90 %ы саясатты талккуулайт, бирок жаңы чыккан китептер тууралуу сөз кылгандар жокко эсе. Демек, бул көрүнүш биз жасай турган көп иш бар экенин көрсөтөт», — дейт Идирисов.

Copyright © 2017 Maral FM