Биз менен байланышыңыз

Китеп окуунун кесип тандоого кандай таасири бар?

Блог | 1 Фев 2021 | 1819 | 0

Кесип тандоо боюнча Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраевдин блогун сиздерге сунуштайбыз.

Көптөгөн замандаштар кесип тандоодо туура эмес чечим чыгарып, натыйжада тандаган кесиптин сапаттуу адисине айланбастан, ал кесипти таштап, а тургай турмуштан өз ордун таппай келет. Адам кесибин жөндөм-шыгына жараша тандоосу абзел. Адам баласы эс тартканы болочоктогу кесибин кыялданат. Ал кыялы бара-бара максатка айланат. Максаттын ишке ашуусу, же ишке ашпай калуусу — адамдын аракетинен көз каранды. Мектеп окуучулары кесип тандоодо ата-энелердин, мугалимдердин, а тургай психологдордун кеңешине муктаж. Эгерде баланын жөндөмүнө, шыгына жараша туура кеңеш берсе, окуучу кесибин туура тандап, ийгиликке жетүүсү мүмкүн.

Окуучу окуусун аяктап, кесип тандоо учуруна келгенде, ата-энелер бала каалаган кесипке эмес, өздөрү каалаган кесипке ээ болууга мажбурлашат. Баланын жөндөм-шыгына карабастан, «Баланча кесипти аркаласаӊ, жаман болбойсуӊ. Бул кесипти тандасаӊ, жакшы киреше табасыӊ», — деген ата-эне баласын өзү кызыкпаган кесипке түртөт. Бала өзү каалабаган кесипти ата-энесинин каалоосу боюнча тандап, кийин өмүр бою кыйналышы мүмкүн. Баланы маселени өзү чечип, жоопкерчиликти өзү алганга үйрөтүү, көндүрүү зарыл. Жаӊылыштык менен туура эмес кесип тандоо адамдын мүнөзүнүн өзгөрүшүнө, ишине канааттанбоосуна түрткү болот. Өз кесибин жүрөктөн сүйбөгөн адис жумушуна көңүлү чаппай, «мойнунан байланган ит ууга жарабайт» дегендей ишин чала, сапатсыз аткарат. Кимде-ким жумушуна майрамга бара жаткандай маанай менен барса, ал сөзсүз ишинде ийгилик жаратат. Урматтуу туугандар, ар бирибиз өзүбүздүн жумушка бара жатканда кандай абалда барабыз? Эртеӊ менен жумушту эӊсеп, жумушка болгон сүйүү менен барып жатабызбы? Же төшөктөн тургубуз келбей, жумушка кыйналган абалда, айла жоктон барып жатабызбы? Ар бирибиз ушул суроонун тегерегинде ойлонуп көрөлү.

КЕСИП ЖАНА ХОББИ: Ар бир адамдын хоббиси бар. Ким бирөө спортко кызыгат, ким бирөө тамак жасоодон ырахат алат, ким бирөө китепти көп окуйт, ким бирөө устачылыкка кызыгат. Кесип тандоодо адамдын хоббиси чоӊ жардамга келет. Мисалы бир окуучу тамак жасагандан ырахат алат дейли. Бирок ата-энеси, же жакындары: «Ой, сен эркек бала болсоӊ, тамак жасап, ашпозчу болуп жүрмөк белеӊ? Андан көрө врач бол, жакшы кесип» — деп мажбурлоо менен анын жөндөмүнө карабай туруп, медакадемияга тапшыртып салды дейли. Эси-дартынын баары тамак жасоодо болгон, врачтын окуусуна такыр кызыкпаган студент окуусун илеӊ-салаӊ бүтүп, кандай «доктур» болуп чыгат деп ойлойсуз? Ким бирөө спортко кызыкса, мектеп жашынан ийгиликтерге жетсе, келечекте чыгаан спортчу чыга турганы билинип турса да, аны мугалим бол деп кыйноо акылга сыйбайт. Ошол себептен ата-энелер балдарыӊардын жөндөмүнө жараша багыт берүүнү унутпаӊыздар. Мажбурлоо эмес, багыт берүү маанилүү.

Негизи адам баласы өзүнүн жашоосуна «комфорт» түзүп алууну каалайт. Кыйналып, тер төгүп иштегиси келбейт. Мисалы, мугалимдик кесипке шыгы бар бирөө өз жөндөмүн билбестен, балдарды окутуу машакатынан, маянанын аздыгынан качып, жөндөм-шыгы болбосо да, юрист же экономист болгусу келип, ошол окуу жайга тапшырат. Жөндөм-шыгы болбогон үчүн ал тармакта жакшы окуй албай, сапатсыз адис болуп чыга келет. Натыйжада ишке орношкон соӊ, жумушта ийгиликке жете албай, кесибин таштоого мажбур болот. Учурда көпчүлүк студенттердин максаты: «билимге ээ болуу» эмес, «дипломго ээ болуу». Бул максат туура эмес коюлгандыктан, студент кандай жол менен болбосун, диплом алууга умтулат. Акчасын берип болсо да баа алып, университеттеги сабактарын көп калтырып, беш жылды билим алуу менен эмес, ар кандай жумушта иштеп, экзаменди акча аркылуу бүтүрүп, окуусун аяктайт. Ошентип, билимге ээ болууну башкы максатка койбогон студент билимге эмес, дипломго ээ болот. Натыйжада көптөгөн мекендешибиз дипломго ээ болгону менен кесипке ээ боло албай, кесипке болгон сүйүүсүнүн жоктугунан алган дипломун сандыкка салып, чет өлкөгө иш издеп кетүүдө.

КЕСИП ТАНДООДО КИТЕПТИН ТААСИРИ: Китепти жазуучу, адабиятчы, окумуштуу эле окушу керек эмес. Китепти ар бир адамдын окуусу — замандын, учурдун талабы. Кесип тандоого китептин кандай тиешеси болушу мүмкүн? Китеп бизге түздөн-түз: «Бул кесипти танда, же бул кесипти тандаба», — деп көрсөтмө бербесе да, ой жүгүртүүбүздү, дүйнө таанымыбызды, акылыбызды өстүрөт. Китепти көп окуган адамдын акыл казынасы толуп, «караӊгыда көз тапкан, капилетте сөз тапкан» даанышманга айланат. Турмушта ар кандай кырдаалдарда жети өлчөп, бир кесип, тандай турган жолун так аныктай алат. Жөнөкөй мисал катары көз алдыӊызга эки окуучуну элестетиӊиз. Бири — баш көтөрбөй китеп окуп, китепканалардан чыкпаган, бири — китептен жаа бою качып, өмүрү колуна китеп албаган окуучу. Эки окуучу мектепти бир убакта бүтүп, кесип тандоо учуруна келди дейли. Эми китепти көп окуган окумал, дүйнө таанымы, ой чабыты кенен окуучу кесибин туура тандайбы, же түшүнүгү тар, мурдунун учунан алысты көрө албаган окуучу кесибин туура тандайбы? Албетте китепке дос болуп, ой чабытын өстүргөн окуучунун өзүнүн шык-жөндөмүнө жараша туура кесип тандоо мүмкүнчүлүгү көп.

Китеп окуунун эӊ негизги пайдаларынын бири – пендеге өзүн таануу мүмкүнчүлүгүн берет. Көп окуган киши кайсы тармакта ийгиликке жетерин бат түшүнөт. Унутпагыла , Эдисон, же «Нобель» сыйлыгына жеткен улуу физик Энштейн кайсы бир жогорку окуу жайды бүтүргөн эмес. Ал тургай университетти бүтүрбөгөндөрдүн арасына «Майкрософттун» ээси Бил Гейтсти да кошсок болот (бул жерде окуучуларды университетти окубагыла деген маани эмес, китепти көп окугула деген маани жатат.) Жогоруда аты аталган ийгиликтүү инсандар китепти көп окугандыктан, китептен алган билимдин натыйжасында кайсы кесипте ийгиликке жетерин билип, акыры ошол максаттарына жетишти. Ооба, баарыбыз күбө болгондой, жашоодо ийгиликтүү болуунун бир гана шарты бар, ал китептер менен дос болуу.

Дүйнөгө атагы чыккан улуу инсандардын ийгиликке жетүүсүнө китепти көп окугандыгы себеп болгон. Ошондуктан келечекте кесибин тандай албай жаткан замадаштар, китепти көп окусак, изденип, китеп менен дос болсок, өзүбүздү жакындан биле баштайбыз. Натыйжада тандай турган кесибибизди жаӊылбай тандай алабыз.

Copyright © 2017 Maral FM