Биз менен байланышыңыз

«Коом китеп окууга көңүл бура баштады»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Ноя 2020 | 576 | 0

Коом китеп окууга көңүл бура баштады. Бул тууралуу «Оку!» долбоорунун негиздөөчүсү Сейитбек Идирисов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мындан беш жыл мурда сынактар уюштурулганда коомчулукта китеп окуу маданияты төмөн болчу. Сынакка катышкандар, китеп сатып алгандар аз санда эле. Азыр китеп окууга көпчүлүктүн көңүлү бурула баштады.

«Эгерде китеп окуу мадмнияты калыптанса, өлкөдөгү социалдык, руханий, экономикалык көйгөйлөр чечилет деп үмүт артабыз. Анткени бир ойчулдун айтканына таянсак, китеп окубаган коом руханий жактан ачка болот, ошол эле мезгилде өз алдынча ой жүгүртпөйт, мындай коомдорду адатта башкалар башкарат», — дейт Идирисов.

Маалыматка ылайык, «Оку!» долбоору 2013-жылы түптөлүп, республикалык деңгээлде китеп окуу сынактарын уюштуруп келет. Ага бардык жарандар катыша алат. Долбоордун негизги максаты: китеп окуу маданиятын өнүктүрүү.

Copyright © 2017 Maral FM