Окуу — пайдалуу. Эгерде алынган маалымат эс тутумда сакталса жана иш жүзүндө аткарылса, анда эки эсе пайдалуу.
Бирок көпчүлүк учурда китептеги маалыматты эстеп калуу кыйынга турат. Бул — табигый процесс. Окугандарды эс тутумда сактоо үчүн бир нече ыкманы колдонсоңуз болот.
Окуу процессинде
Ар бир 20 мүнөт сайын тыным жасап: «Окугандарымдан эмнени түшүндүм?» — деген суроого жооп берүү керек. Эң маанилүү ойлорду элестетип көрүңүз жана мүмкүн болсо, белгилеңиз.
Эмне үчүн так 20 мүнөт? Немис психологу Герман Эббингауз адамдын эс тутумундагы маалымат сактоо процессин изилдеген. Ага ылайык, адам алган маалыматтардын 40%ын алгачкы 20 мүнөттө, 60%ын 1 саатта унутат. Бир күндөн кийин маалыматтардын 33-35 пайызы гана сакталып калат.
Эгерде алынган маалыматтар алгачкы 20 мүнөттө иштелип чыкпаса, ал эс тутумда сакталбай калышы мүмкүн.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эс тутумдагы маалыматты сактап калуу үчүн кайра окуганга караганда, кайра кайталоо натыйжалуу. Себеби сүйлөп жатканда, мээ маалыматты башка маалыматтар менен байланыштырууга аракет кылат. Ал аны кабыл алып эле койбостон, кайра иштейт.
Окуунун биринчи күнүнүн аягында окуп чыккан маалыматтын эң маанилүү ойлорун жазып алыңыз. Бул кургак реферат түрүндө эмес, интеллектуалдык карта түрүндө болсо, ыңгайлуу жана кызыктуу болот.
Түнкүсүн жатардан мурун эс тутумда сакталган маалыматты кайталоо пайдалуу. Мээ уктаардан мурун алынган маалыматты жакшы эстейт.
Кийинки күндөрү окуу
Муну катардагы алгоритмдин жардамы менен жасаса болот. Башкача айтканда, сериалдын жаңы сериясын баштаардан мурун кечээки сериалдарда болуп өткөн окуялар кыска клиптер менен көрсөтүлөт.
Жаңы күнү окууну улантуудан мурун, кечээ окуган маалыматыңызды эсиңизден чыгарбаңыз. Этикеткаларды, бөлүмдөрдүн аталыштарын карап чыгуу пайдалуу болушу мүмкүн.
Окугандан кийин
Биз окуган маалыматты мүмкүн болушунча эртерээк колдонууга киришүүбүз керек.
Аларды иш жүзүндө колдонуу мүмкүн эмес болсо да, маалыматты сактоо маанилүү. Ал үчүн китепти мезгил-мезгили менен колго алып, кайталап окуп коюп туруу ашыкчалык кылбайт.