Биз менен байланышыңыз

«Билим берүү, маданият түптөлсө, экономика өзүнөн-өзү өнүгөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Дек 2020 | 767 | 0

Билим берүү, маданият түптөлсө, экономика өзүнөн-өзү өнүгөт. Мындай пикирин режиссер Сүйүн Откеев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Колумдан келсе, билим берүү, маданиятты түптөмөкмүн. Биз изденбей, окубай, бардык нерсенин оңой жагына качырып жатабыз. Колубуздан келсе-келбесе да, тааныш-билиш жолу менен кызматка коюу бар. Мындай жол менен өнүгүү болбойт. «Биз кандайбыз?» деген суроону ар бир кыргыз өзүнө берип, өзгөрүүнү өзүнөн башташы керек. Баары китеп окуудан башталып жатат. Китеп эмес, Фейсбуктагы жөнөкөй билдирүүнү да окубайбыз. Окубаган кишиден эмнени күтөсүң?» — дейт Откеев.

Анын айтымында, бардык нерсе адамдын билим деңгээлине такалат.

Copyright © 2017 Maral FM