Биз менен байланышыңыз

14-февраль кандай күн?

Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 1940 | 0

14-февраль дегенде оюна Сүйүү күнү келгендер жок эмес. Ошентсе да, кубанткан жагдай — жыл сайын бул күндү Китеп тартуулоо күнү дегендердин саны өсүп барат.

Ооба, 14-февраль Бүткүл дүйнөлүк китепти белекке берүү күнү. Дүйнө эли, анын ичинде Кыргызстан да жыл сайын 2012-жылдан тарта Китеп тартуулоо күнүн белгилейт (International Book Giving Day). Белгилүү дата балдарга, чоң кишилерге китеп бергендерди бириктирип, китепке болгон сүйүүнү арттырат.

БУУ же башка коомдук уюмдар тарабынан бекитилген белгилүү күндөр, андан тышкары мамлекеттик, диний, кесиптик жана башка майрамдар бар. Албетте алардын ар бири өзүнчө тарыхка ээ. Ал эми Китеп тартуулоо күнүнүн тарыхын билесизби?

Майрамдын негиздөөчүсү — АКШдагы балдар китептери сайтынын түзүүчүсү, америкалык Эмми Бродмур.

Уулунун Эммиге эмне үчүн адамдар бири-бирине китеп тартуулай турган майрам жок деген суроосу, Эмминин китеп берүү күнүн түзүүгө түрткү болгон. Алгач Эмми өзүнүн интернеттеги досторуна, кесиптештерине айтып, 14-февралды Китеп берүү күнү деп демилгелеген.  Кийинчерээк, миллиондогон дүйнө элдери колдоп, бул күндүн «дүйнөлүк» макамын алууга түрткү болгон.

Китепти белекке берүү күнү аркылуу балдар китептен боорукердикке, достукка, өз ара көмөктөшүүгө, сүйүүгө, санаалаш болууга үйрөнөт, деги эле баланын чыныгы инсан болуп калыптанышына китептин пайдасы зор.

Бүгүнкү күндө бул майрамдын идеялык авторлору өзүнүн максатына жетти десек болот.

Copyright © 2017 Maral FM