Биз менен байланышыңыз

«Жол башчылардын баары акча табууну айтат, тилдин жоголуп баратканына кейибейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Дек 2020 | 877 | 0

Кыргыз Республикасынын эл акыны Надырбек Алымбеков «Маралга» берген маегинде жол башчылар жалаң материалдык байлыкка маани берип, руханий байлыкты унутуп коюшарын сынга алды.

Ал президенттердин мамлекеттин карыздарын төлөөгө көңүл бургандай, тилди сактап калууга мамиле кылбай жатканына кейиди.

«Кытайдын карызын төлөшүбүз керек деп безилдеп жүрүшөт. Ал эми тил өлүп баратат, эмне үчүн айтышпайт? Президенттерге ушундай маанилүү ойлорду айтайын десең эле кабыл албайт, убактысы жок. Ой, материалдык байлык бир күнү өзүнөн өзү келип калат. Учурда руханий байлык жоголуп жатат. Алар жүз, миң жылда жаралат. «Тилибизди унутуп баратабыз» деп намыстанбайбы, ойлонушпайбы! Кыргызстандагы окуу жайларды тартипке салса… Элди жаштайынан тартипке көндүрүү керек», — деди Алымбеков.

Мындан тышкары «Бир адамдан бир китеп» долбооруна көп китеп бергенин жана долбоордун арты менен аймактарга барганын айтып, коомчулук аз да болсо, китеп окуп жатканына күбө болгонун белгиледи.

Алымбековдун пикиринде, ата-энелер балдарын мээнетке үйрөтүшү керек. Окуучуларга чыгармаларды окууну милдеттендирген киши жок.

«Окуучуларга да чыгармаларды окууну милдеттендирсе, алар китеп окууга көнүп кетишет. Маселен, байбичем менин китептеримди карап отуруп, азыр менден көп окуйт. Бардык нерсе бара-бара канга сиңет. Китеп окуу жолун басып өтпөй жатышат, баары чала-була. Институтта да, мектепте да чала-була… Мындан улам натыйжа болбой жатат. Мектептин балдарын окутуу керек», — деди Алымбеков.

Copyright © 2017 Maral FM