Биз менен байланышыңыз

Надырбек Алымбеков 14 томдук жыйнак чыгарды

Кыргыз Республикасынын эл акыны Надырбек Алымбеков «Маралга» берген маегинде чыгармаларынын 14 томдугу басылып чыкканын билдирди.

Анын айтымында, томдукта махабат, өмүр, ыйман сыяктуу ар кыл тематикадагы ырлары, мемуардык баяны, аңгемелери, ой толгоолору камтылган. Мындан сырткары хадистердин жана Курандын ыр түрүндөгү котормосу да кирген.

Алымбеков чыгармачылыкта жүргөнүнө 31 жылдын жүзү болгонун айтып, күн сайын 14 сааттан кем эмес иштээрин белгиледи.

«Ал эми «Куран» китебин которгондо күн-түн иштедим. Жадагаласа, ооруканага барсам да, жаныма китебимди алып алам. Касиеттүү китеп экен, арыла албай койдум. Көз айнек тагып которуп баштаган элем. Көз айнеги жок которуп бүттүм. Жазган китептериң окулуп, ырларың ырдалып кетсе, канат байлап калат экенсиң. Кадимкидей күч-кубат алып, талыкпай иштей бересиң. Берилип иштебесең, китептериң чыкпай калат», — дейт Алымбеков.

Ал мындан сырткары чыгарма жазарда окурмандардын табитин байкап, ошого жараша эмгек жаратарын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM