Биз менен байланышыңыз

Надырбек Алымбеков: Жоро-жолдошторум, «тааныш салып, сыйлык ал» дешкен

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 2128 | 0

Маалым болгондой, кечээ 19-сентябрда президент Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарды өз ээлерине тапшырды. Сыйлык алгандардын катарында Кыргыз Эл акыны, котормочу Надырбек Алымбеков да бар. Ал III даражадагы Манас ордени менен сыйланды.

Алымбеков бизге маек берип жатып, мындан бир канча жылдар мурун жоро-жолдоштору: «Тааныш салып болсо да, Манас орденин алып койбойсуңбу», — деп сунушташканын, бирок андай кадамдан баш тартып келгенин айтып берди.

«— 2004-жылы Кыргыз Эл акыны наамын алгам. Андан бери 15 жылдай болуп алды. Унчукпай эле иштеп келдик. Эмгектене бердик. Бериле турган сыйлык өз ээсин кеч да болсо табат. Мен ыраазымын!»

Надырбек Алымбеков — Кыргыз  ССРинин эмгек сиңирген ойлоп табуучусу (1974), КР өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер (1993),  Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын (1995) жана башка ушул өңдүү бир катар республикалык жана эл аралык сыйлыктардын лауреаты,  300гө жакын обондуу ырдын, 50 чамалуу китептин автору, Кыргыз Эл акыны (2004). 

Макаланын толугу төмөнкү шилтемеде: Мамлекеттик сыйлык ээлери. Кубанычтар [фото]

Надырбек Алымбеков: «Куранды көз айнек менен баштап, көз айнеги жок бүтүрдүм»

Copyright © 2017 Maral FM