Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик сыйлык ээлери. Кубанычтар [фото]

Коом | 19 Сен 2019 | 2244 | 0

Бүгүн 19-сентябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон, кесибинде, өнөрүндө мыкты ийгиликтерди жараткан өлкөдөгү инсандарга, ошондой эле, Кыргызстан менен кызматташууга алгылыктуу салым кошуп келаткан чет элдик жарандарга жогорку мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Аталган иш-чарадагы көз ирмемдер менен бөлүшөбүз.

«Бакубат жашоонун, келечектин, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги — эмгек!» Мындай сөздү Президент Сооронбай Жээнбеков 19-сентябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшыруу аземинде айтты.

Надырбек Алымбеков: Жоро-жолдошторум: «Тааныш салып, сыйлык ал» дешкен

Сыйлык алгандардын катарында Кыргыз Эл акыны, котормочу Надырбек Алымбеков да бар. Ал III даражадагы Манас ордени менен сыйланды. Ал бизге маек берип жатып, мындан бир канча жылдар мурун жоро-жолдоштору: «Тааныш салып болсо да, «Манас» орденин алып койбойсуңбу», — деп сунушташканын, бирок андай кадамдан баш тартып келгенин айтып берди.

— 2004-жылы Кыргыз Эл акыны наамын алгам. Андан бери 15 жылдай болуп алды. Унчупай эле иштеп келдик. Эмгектене бердик. Бериле турган сыйлык өз ээсин кеч да болсо табат. Мен ыраазымын!

Жамал Сейдакматова: Өмүрүмдүн жолдору гүлзар болгон жок

Ал эми II даражадагы Манас ордени менен сыйланган Кыргыз Эл артисти, залкар актриса Жамал Сейдакматова ак эмгектин акыбети кайтарына дагы бир жолу ынанып отурганын айтып, «Сахнага жаркылдап чыккан менен, анын артында көптөгөн түйшүк бар», — деди.

— Менин жашоом төгүлгөн роза гүлүндөй, кызыл килемдей болгон жок. Кыйналдык. Бирок жакшы мүнөттөр да көп болду. Анын бири бүгүнкү күн десем болот. Туулган күнүмө белек болду. Кубанып турам.

Зайна Базарбаева: Сыйлык алуу үч уктасам, түшүмө кирген эмес 

Мамлекеттик сыйлыкка искусствонун адамдары эле эмес, башка тармактын өкүлдөрү да татыды. Маселен, Ош облусунан келген Зайна Базарбаева Өзгөн районунда асыл тукум мал чарбаны жетектеп, алтымыштан ашуун адамды иш менен камсыздап келет.

— Сыйлык алам деп, үч уктасам түшүмө кирген эмес болчу. Эмгегибиз бааланат деп да үмүт кылбаптырбыз. Бирок буйруп, президенттин колунан сыйлыкка арзып отурам.

Оңолбек Каныбек уулу: «Сыйлыкка татыктуумунбу?» — деп ойлоп жатам

Келген коноктордун эң  кичүүсү, Кыргызстандын Волейбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны Онолбек Каныбек уулу Президенттин Ардак грамотасын алды. Бирок спортчу бул ийгилик жалгыз гана өзүнө таандык эмес, жалпы команданын жетишкендиги экенин белгиледи.

-Сыйлык алып жаткандардын эң эле кенжеси мен экем. «Буга татыктуумунбу? Туура эле алып жатамбы?» — деп ойлонуп жатам. Бул сыйлык — жалпы команданыкы!

Президент Сооронбай Жээнбеков ар бир ийгилик эмгектин артында келерин айтып, мамлекеттин өнүгүүсүнө ар бир жөнөкөй жаран да салым кошо аларын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын маданият, адабият, билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, өнөр жай, коопсуздук жана башка тармактарына опол тоодой эмгек сиңирген белгилүү инсандар III, II, I даражадагы Манас ордени, Даңк медалы, Эрдик медалы, Достук ордендери, Президенттин Ардак грамоталары менен сыйланышты. Арасында Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкон чет элдик инсандар да бар.

 

Copyright © 2017 Maral FM