Биз менен байланышыңыз

Илимий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү «Нарк Ордо» кеңешин түздү

Кыска кабар | 9 Окт 2020 | 986 | 1

Өлкөнүн келечегине, учурдагы кырдаалга тынчсызданган илимий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнөн куралган «Нарк Ордо» кеңеши түзүлүп, коомчулукка кайрылуу жасашты.

Төмөндө кайрылуунун текстин оңдоп-түзөөсүз толук беребиз:

«Биз азыр мамлекеттүүлүгүбүздөн ажырап калуу апаатына келип калдык. Бийликтин жоктугу – мамлекеттин жоктугу дегендик. Биз, кыргыз эли, Борбордук Азиядагы эң байыркы калктардын бирибиз. 3 миң жылдан бери кыргыз деген аталышты сактап, ар дайым мамлекеттүүлүгүбүз үчүн күрөшүп келген элбиз. Мамлекет, өзгөчө эгемендик биз үчүн ыйык! Баа жеткис ыйык байлыгыбыз — эгемендүүлүгүбүздү соңку 29 жыл аралыгында руханий жакырдыктан улам барктап-баалай албай, саясатчылардын, өлкө тагдырын чечкен башчылардын айынан жоготуп алуу коркунучуна кептелдик. Учурдагы кырдаал, бийлик талашуу, басып алуулар, депутаттардын соодалашып жыйынга келбей отурушу, укуктук талаага түшө албай жаатташуулар — анын ачык далили!

Өлкө тагдырына күйүп жанган жаштар!

Биз илимий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү өлкөнүн тагдырын бир ууч олигархтардан турган топко тарттырып ийгенибизге, таасирдүү күч боло албай, четтен байкоочу болуп калганыбызга өкүнөбүз. Ошондой эле өлкөнүн келечек тагдыры өтө коркунуч абалга кептелгенине кабатыр болуп, жеңиштин ээси жаштардын мекенчилдик, тазаланууга жасаган аракетин ар тараптан колдоп, бийликти кайрадан бөлүштүрүүгө аракеттенип жаткан саясый партия лидерлеринин кыянаттык аракетине кыжырланып, кайрылуу менен чыгып жатабыз. Өзгөрүүнү жана өзгөртүүнү каалаган, буга чейин арамдыкка аралашпаган, Мекенибиздин келечегине кайдигер карабаган коомчулук өкүлдөрүн биригүүгө жана эгемендүүлүгүбүздү сактап калууга чакырабыз!

Өлкөбүздөгү оор кырдаалды пайдаланып, котур ташын койнуна катып, мамлекеттүүлүгүбүздүн жок болуусун эңсеген ички жана сырткы күчтөрдүн аракетине биргелешип сокку уруп, өлкөбүздү сактап калууга бир муштумдай биригип күрөшөлү! Тазаланууну катуу талап кылган жаштардын аракетин колдойлу. Мамлекетти кыйроо абалынан сактап, мыйзам талаасына түшүүгө чечкиндүү аракет жасап, курч кырдаалдан тез аранын ичинде чыгуу үчүн бардык күчтөрдү акыл-эске чакырабыз! Биздин ар бир кечиккен убактыбыз өлкөбүздү жоготуу коркунучуна түртөт.

Айрым саясий партия лидерлери жаштардын жеңишин уурдоого аракет кылып, кырдаалды түшүнүп-түшүнбөгөн айрым жаштарга жамынып, карөзгөйлүк менен кызмат талашып, бүтүндөй мамлекеттик түзүмдүн чакчелекейин чыгарууда. Ар кайсыл мекемелерди, министрликтерди, администрацияларды бир ууч топ менен барып басып алуу, жетекчилерин алмаштыруу күч алды. Учурда мамлекетти сактап калар жалгыз илинчек укуктук талаа болсо, ага да тоскоолдуктар болуп, аны чече турган депутаттар ачык соодалашып, маселенин чечилишин атайылап созуп жатышат. Президент өз ыйгарым укуктарын токтотпой, элинен жашынып, майнапсыз кайрылуулары менен алек. Эгемендүү өлкөбүздүн тагдыры менен ойнобогула! Жоопкерчиликтин бардыгы силердин мойнуңарга жүктөлөт!

Өлкөбүз коркунучка кабылганда элдин абийири менен ар-намысы болор журт жакшылары коңулда жатпай бизге кошулгула. Артында калбыры жоктор, өзгөрүүнү жана өзгөртүүнү каалагандар, айтарга сөзү, абалдан чыгууга сунушу бар мыктылар үчүн эшигибиз ачык. Биздин ушул иш аркылуу жеке мүдөөбүзгө жетели деген арам максатыбыз жок. Башкы максатыбыз: эгемендүү мамлекетибизди сактап калуу! Элибиздин ынтымагын арттырып, ыйманга, абийирге чакыруу! Келгиле биригели!

«Нарк Ордо» Кеңеши:

  • Надырбек Алымбеков, Кыргыз эл акыны
  • Сулайман Кайыпов, профессор
  • Меңди Мамазаирова, Кыргыз эл акыны
  • Үмүт Култаева, профессор
  • Чолпонбек Абыкеев, жазуучу
  • Асан Жакшылыков, Кыргыз эл акыны
  • Ташманбет Кененсариев, профессор
  • Кадыралы Коңкобаев, профессор
  • Асан Турсункулов, сүрөтчү
  • Дүйшөн Керимов, журналист
  • Азамат Болгонбаев, акын
  • Аалы Туткучев, акын
  • Рысбай Исаков, манасчы
  • Шайырбек Абдрахманов, журналист
  • Бекен Назаралиев, жазуучу-журналист
  • Баяс Турал, тарыхчы-жазуучу
  • Тынчтыкбек Чоротегин, профессор
  • Бейшенбек Бекешов, журналист
  • Кыяс Молдокасымов, тарыхчы
  • Нурбек Казыев, окумуштуу
  • Акматбек Маматканов, тарыхчы
  • Аида Кубатова, тарыхчы
  • Жылдыз Акаева, жазуучу
  • Айгүл Элебесова, акын-тарыхчы
  • Бактыбек Болгомбаев, магистрант
  • Жамалбек Ырсалиев, журналист
  • Эмилбек Момунов, журналист
  • Сымбат Максутова, журналист
  • Замир Бекбоев, архитектор
  • Разак Сайдилканов, окумуштуу

1 пикир

1 пикир

  1. Алтынай

    11.10.2020 15:28

    Кээ бир биз сыйлаган ак сакалдар ак сакал эмес эле куу сакал экенине таң калып карап олтурдум кечээки окуяда. Куу, кошоматтар, акылуусунган чыккынчы акмактар деп беттерине айткым келет, бирок убакыт өзү айтып далилдеп коёт экен. Тарых тараза. Бири уурулук менен калжайып каарып калса да алжып, элди кайраштырууга аракет кылса экинчиси батышты карап кошоматтанып… Арман дүйнө.. Кара кылды как жарган калыс кагылайын кыргыздын кыраан ак сакалдары азыр силер жоксуңар… Ак сакалдык боюна сиңбей дужурлонуп жүрүп куу сакал, же шал сакал болгондор басымдуу бүгүн күн карама..

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM