Connect with us

Анкарада Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 795 | 0

Түркиянын Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинде жайгашкан Чыӊгыз Айтматов паркында кечээ, 12-декабрда улуу жазуучунун эстелигинин расмий ачылыш аземи болуп ѳттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Эстелик Кыргызстандын Түркиядагы Элчилигинин демилгеси менен Анкара шаарынын Кечиорен мэриясы тарабынан жасатылып, тургузулду.  Ачылуу аземине Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Кечиорен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынок, Анкарадагы элчилер, Түркиянын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн  өкүлдөрү, кыргыз жана түрк студенттери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркиянын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын диаспораларынын өкүлдөрү катышты.

Элчи Кубанычбек Ѳмүралиев өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышындагы иш чарага активдүү катышкан баардык конокторго, жазуучунун күйөрмандарына, Кечиорен муниципалитетинин мэрине жана скульпторлорго терең ыраазычылыгын айтып ѳттү.

Айтматов сүрөткер, ойчул жана адабияттын көрүнүктүү ишмери катары биздин замандын эӊ улуу жазуучуларынын бири экендигин баса белгилеп, «иш чара дагы бир жолу Айтматовду баардыгыбызга эскертти» деген ишеничин билдирди.

Иш чаранын алкагында Түркиянын аймагындагы кыргыз диаспорасынын ичиндеги кыргыз таланттарынын катышуусу менен күүлѳр жана ырлар жаӊырды.

Copyright © 2017 Maral FM