Биз менен байланышыңыз

Президент Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнөн кабар алды [сүрөт]

Кыска кабар | 7 Мар 2020 | 1093 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков аялдардын эл аралык күнүнүн алдында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнөн кабар алды.

Мамлекет башчысы жазуучунун жубайы — Мария Айтматованы жаз майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.

Президент Айтматовдун жакындары менен баарлашып,  жазуучунун уулу Элдар Айтматов Чыңгыз Айтматовдун үй-музейин реконструкциялоо боюнча пландары менен бөлүштү. Ошондой эле өзү вице-президент болгон «Манас» жана Айтматов улуттук академиясынын учурдагы ишмердиги жана келечек пландары тууралуу  айтып берди.

Copyright © 2017 Maral FM