Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Айтматовго арналган “Күндөр жана кылымдар” тасмасынын бет ачары болот

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 931 | 0

Бүгүн Бишкекте орусиялык режиссер Григорий Нахапетовдун залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу тарткан “Күндөр жана кылымдар” тасмасы көрсөтүлөт.

Тасма “Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү”  аттуу фестивалдын ачылышында саат 12:00дө көрсөтүлөт.

Бул тууралуу тасманын автору өзү билдирди.

Григорий Нахапетов тасманын бет ачарын Айтматовдун туулган күнүнө карата Бишкекке көрсөтүү үчүн атайын келген.

“Күндөр жана кылымдар” тасмасында Айтматовдун коомдук ишмер катары, дипломатиялык кызматтагы иши тууралуу айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM