Биз менен байланышыңыз

Улуттук көчмөндөр оюндары: Бүгүн көк бөрү боюнча мелдеш башталат

Кыска кабар , Спорт | 16 Сен 2019 | 685 | 0

Бүгүн, 16-сентябрда  Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Талас шаарынын ат майданында көк бөрү боюнча мелдеш башталат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген курама командалар үч тайпада оюн өткөрөт:

  • «А» тайпасы: Ош облусу, Нарын облусу, Талас облусу;
  • «В» тайпасы: Бишкек шаары, Ысык-Көл облусу, Жалал-Абад облусу;
  • «С» тайпасы: Чүй облусу, Баткен облусу, Ош шаары;

Тартылган чүчү кулактын негизинде бүгүн саат 16:00дө баштала турчу оюнда төмөнкү командалар беттешет:

  • Ош облусу – Нарын облусу;
  • Бишкек шаары – Ысык-Көл облусу;
  • Чүй облусу – Баткен облусу;

Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндарынын алкагында улуттук спорттун 10 түрүнөн мелдеш өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM