Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура: «Ромашка» бала бакчасынын имараты кайтарылды

Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 499 | 0

9 ай аралыгында прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракттердин натыйжасында жеке менчик колдорго жана башка тармактарга өтүп кеткен Талас шаарындагы «Ромашка» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имараты, Ноокат районундагы «Жийде-Бурак» бала бакчасынын жана «Кожоке» орто мектебине тиешелүү жер тилкелери кайтарылып берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин жана прокуратура органдары тарабынан сотко өткөрүлгөн актылар боюнча 2012-жылдан бери 94 мамлекеттик мекеме жана билим берүү тармагына тиешелүү  4 жер тилкеси кайтарылган.

Жеке менчик колдорго жана башка тармактарга өтүп кеткен социалдык имараттарды кайтаруу боюнча иштер туруктуу жүргүзүлүүдө.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM