Биз менен байланышыңыз

Таласта майып балдар үчүн реабилитациялык борбор ишке берилди

Кыска кабар | 4 Окт 2019 | 523 | 0

Талас шаарында кечээ майып балдар үчүн «Деннарис» реабилитациялык борбору ачылды. Бул тууралуу аталган уюмдун жетекчиси Жылдыз Талгат кызы билдирди.

Анын айтымында, борборго Талас аймагындагы тубаса шал болуп төрөлгөн жеткинчектер, нерв оорусу менен жабыр тарткан өспүрүмдөр келип дарыланышат.

Ал кошумчалагандай, аталган борбор «Талас жардам» уюмунун жана демөөрчүлөрдүн, элдин жардамы менен ачылган.

Copyright © 2017 Maral FM