Биз менен байланышыңыз

Талас: 175 орундуу эки кабат бала бакча курулуп жатат

Кыска кабар | 21 Июл 2019 | 825 | 0

Эгемендүүлүктөн бери Талас шаарына бала бакча салынган эмес. Элдин саны жыл сайын өсүп, өзгөчө жаш мектепке чейинки шаардын тургундары үчүн ушул жылдын 8-апрелинде бала бакчаны куруу иштери башталды. Бул маалыматты Талас шаарынын мэри Айдарбек Жусупбеков билдирди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары мэрия жер маселесин чечип, 175 орундуу, 2 кабаттуу бала бакча курулууда. Бала бакча 2020-жылдын апрель- май айларында ишке берилет.

Учурда бала бакчанын биринчи кабаты бүтүү алдында турат.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө  Талас шаарында 9 бала бакча бар, андан сырткары 10 бала бакчага муктаждык жаралууда.

Copyright © 2017 Maral FM