Эгемендүүлүктөн бери Талас шаарына бала бакча салынган эмес. Элдин саны жыл сайын өсүп, өзгөчө жаш мектепке чейинки шаардын тургундары үчүн ушул жылдын 8-апрелинде бала бакчаны куруу иштери башталды. Бул маалыматты Талас шаарынын мэри Айдарбек Жусупбеков билдирди.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары мэрия жер маселесин чечип, 175 орундуу, 2 кабаттуу бала бакча курулууда. Бала бакча 2020-жылдын апрель- май айларында ишке берилет.
Учурда бала бакчанын биринчи кабаты бүтүү алдында турат.
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Талас шаарында 9 бала бакча бар, андан сырткары 10 бала бакчага муктаждык жаралууда.