Биз менен байланышыңыз

ЕРӨ банкы Талас шаарына 5 миллион евро бөлгөн

Кыска кабар | 21 Июл 2019 | 644 | 0

Талас шаарындагы ички көчөлөрдүн 8 километр 600 метрине асфальт төшөлдү. Бул тууралуу шаардын мэри Айдар Жусупбеков маалымдады.

Мэрдин айтымында, Талас шаарынын инфратүзүмүн жакшыртуу максатында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан 5 миллион евро бөлүнгөн. Аталган каражатка узундугу 7 жарым чакырымды түзгөн борбордук канализация жана 24 чакырымдык суу түтүктөрү жаңыртылган. Ошондой эле, ички көчөлөрдүн дээрлик көпчүлүгүнө асфальт төшөлгөн.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбековдун «2019-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» жылынын алкагында ар бир облустун борборунун негизги делген көчөлөрүнөн 3 километр жолун жаңыртып берүү боюнча Жарлыгы чыккан. Бул жарлыктын негизинде Талас шаарында да тендер өткөрүлүп бүтүп, Талас облустук ипподромуна жана «Газпром» спорттук комплексине кетчү жол оңдоого берилди. Бул жолдорду тандап алуунун себеби, жакында Талас облусунда өтө турчу Көчмөндөр оюндарына даярдык катары да эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM