Биз менен байланышыңыз

Талас-Көк-Ой унаа жолуна жаңы асфальт төшөлөт

Кыска кабар | 21 Июл 2019 | 667 | 0

Талас-Покровка унаа жолунун Талас-Көк-Ой каттамына жаңы асфальт төшөлөт. Бул тууралуу № 19 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Урмат Апышев маалымдады.

Узундугу 1 чакырым 900 метрди түзгөн Талас шаары менен Талас районунун борбору Көк-Ой айылын бириктирген бул жол негизги жолдорунун бири болуп эсептелет. Андыктан, жергиликтүү тургундардын бир канча жылдан берки өтүнүчү быйыл ишке ашып, жол оңдоого берилди.  Жолду оңдоого өлкө бюджетинен 13 миллион 820 миң сом бөлүнгөн.

«Долбоордук мерчем боюнча, бир айдын ичинде пайдаланууга берилиши керек», — дейт Урмат Апышев.

Мындан тышкары, калган ички-тышкы жолдорду оңдоо, жаңы асфальт төшөө каралып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM