Биз менен байланышыңыз

2020-жылы Бишкек — Кара-Балта унаа жолу толук бүтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Мар 2019 | 1152 | 0

1-апрелде Бишкек — Ош альтернативдүү жолунун III фазасы боюнча мобилизациялоо жана курулуш иштери башталат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун адиси Замир Искаков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек — Кара-Балта жолунун курулуш иштеринин 20% аяктады. Быйыл 20 чакырымга асфальт төшөлөт да, 2020-жылы курулуш иштери толугу менен бүткөрүлөт.

Ал эми күзүндө Жумгал менен Казармандын ортосундагы жол ачылат.

Мындан сырткары, Ысык-Көлдүн Корумду айылынан Балбай айылына чейинки жолду калыбына келтирүү боюнча Ислам өнүктүрүү банкы менен сүйлөшүү жүрүп жатат.

«Бишкек — Ош унаа жолун жаңыртуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кочкордон Чаекке чейинки жол боюнча тендер өтүп жатат. Ал жол Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Быйыл аталган объектиде курулуш иштери башталып, жол толугу менен реконструкцияланат. Тогуз-Торо өрөөнүнө Түндүк-түштүк альтернативалык жолу барат. Долбоор аяктаган соң ашкан каражатка жол тейлөө үчүн айтайын техникалар алынат», — дейт Искаков.

Ал белгилегендей, өлкөдө ири инвестициялык долбоорлор боюнча Бишкек — Ош альтернативдүү жолунун I жана II фазасы үчүн «Эксимбанк» тарабынан 700 млн доллар, Маданият — Жалал-Абад жолуна Евразия өнүктүрүү бакнынан 67 млн доллар, ал эми Бишкек — Карабалта жолуна 70 млн доллар каражат бөлүнгөн.

JICA эл аралык агенттиги тарабынан да каражат бөлүнөт. Учурда тендердик иштер жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM