Биз менен байланышыңыз

Бишкекте быйыл 43 көчөдө оңдоо иштери жүрөт

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Фев 2021 | 618 | 0

Быйыл Бишкекте 43 көчөдө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү пландалууда. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жолдор боюнча бөлүм башчысы Темир Мамашов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кытай атайын долбоордун II этабынын негизинде 278 млн юань бөлгөн. Жалпысынан 60 көчөдө 70 чакырым жол оңдолушу керек. Долбоордун мөөнөтү эки жыл, 2022-жылдын октябрь айында жыйынтыкталат.

60 көчөнүн 40%ы — жаңы конуштарда. Жолдордун тротуарлары, ирригациясы, жашылдандыруусу да каралган. Мындан тышкары долбоордун негизинде 5 көпүрө салынат.

«Мыйзамдарга ылайык, жаңы салынган жолдорго 5, оңдоп-түзөөдөн өткөндөрүнө 3 жыл кепилдик берилет. Эгерде бул мөөнөттө кемчиликтер аныкталса, жол курган компания өз эсебинен кайра калыбына келтирет. Маселен, быйыл Токтоналиев көчөсүндөгү кемчиликтер жоюлат», — дейт Мамашов.

Copyright © 2017 Maral FM