Биз менен байланышыңыз

2019-жылы Ленин районундагы конуштардын жолу оңдолот

Пикирлер | 14 Дек 2018 | 944 | 0

Кийинки жылы Бишкек шаарынын Ленин районундагы конуштарда 30га жакын жол оңдолот. Бул тууралуу аталган райондун акими Нурдин Тагаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда шаардын 2019-жылга карата бюджети каралууда. Быйыл конуштардын жолдоруна көп көңүл бурулган. Алсак, Ленин районунда 32 жолду оңдолгон.

«Быйыл конуштарга газ киргизилди. Бирок борбордук газ түтүктөн үйүнө газ жеткирүү айрым тургундар үчүн кымбатка түшүп жатат. Мындан улам газ киргизүү үчүн документтердин санын жана курларды киргизүүнүн баасын арзандатуу боюнча «Газпром» менен сүйлөшүүлөрдү улантабыз«,-дейт Тагаев.

Маалыматка ылайык, Ленин районунда 2018-жылы Ак-Ордо конушунда 960 окуучуга ылайыкталган жаңы мектеп ачылган. Беш жылдан бери авариялык абалда турган №25 мектеп жана дагы бир меткеп оңдолуп-түзөөдөн өтүп колдонууга берилген. Мындан сырткары райондогу 18 бала бакча калыбына келтирилген. Бул иштердин жергиликтүү бюджеттин эсебинен жасалган.

Copyright © 2017 Maral FM