Биз менен байланышыңыз

«Бишкекте жол тыгындарын жоюу үчүн асма көпүрөлөр салынат»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Фев 2021 | 883 | 0

Бишкек шаарында жол тыгындарын азайтуу үчүн асма көпүрөлөр салынат, башка жол жок. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жолдор боюнча бөлүм башчысы Темир Мамашов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, асма көпүрөлөр Бах жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишине, Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишине жана башка жерлерге салынат.

«Борбор калаанын көчөлөрү 50 миң автоунаага ылайыкталган. Бирок учурда 500 миңге чукул унаа бар. Жол тыгындарын жоюу үчүн жолду 10 эсе кеңейте албайбыз. Ошондуктан чоң кесилиштерге көпүрө салышыбыз кажет», — дейт Мамашов.

Маалыматка ылайык, Жайыл Баатыр көчөсүндө шаардын четине чейин 6 тилкелүү жол салынат. Жайыл Бааатыр көчөсүнүн Чортеков менен Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги бөлүгү толук оңдолот. Андан тышкары Сухе Батор көчөсү да кеңейтилип, чоң жол салынат.

2022-жылы калаада 17 көчө оңдолот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM