Биз менен байланышыңыз

Жапония Кыргызстанга $2,8 млн кайтарымсыз грант берди

Кыска кабар | 17 Июл 2019 | 775 | 0

Жапон Өкмөтү «Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялар Программасынын» (JDS) алкагында Кыргызстанга 2,8 млн доллар кайтарымсыз акчалай жардам берди. Бул тууралуу өлкөнүн Финансы министрлиги билдирди.

Жапония ошондой эле, «Талас-Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясынан өткөн көпүрөнү оңдоо» долбоорун бүткөрүүгө 16.5 млн АКШ долларын бөлгөн.

Бүгүн Финансы министрлигинде буга байланышкан кол коюу салтанаты өтөт. Ага Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Ямамура Ёсихиро жана Кыргызстандын Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева катышат.

Мындан сырткары, Жапония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) төрагасы Нэомото Наоюки менен министр айым аталган долбоорлорду ишке ашыруу процедураларын аныктоочу гранттык келишимге кол коюшат.

Copyright © 2017 Maral FM