Биз менен байланышыңыз

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсеп ачылды

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 763 | 0

Кыргызстандын аймагында коронавирустун жайылышын жана келишин алдын алуу боюнча иш-чаралар үчүн акча каражаттарын которуу максатында атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Эсептин номери: 4402011000101373

Эсепке чет элдик валютадагы ыктыярдуу жана гранттык каражаттар да түшөт. Бардык чогулган каражаттар өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн иш-чараларга жумшалары айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM