Биз менен байланышыңыз

«Кезектеги оптимизация натыйжалуу болбой калды»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Мар 2021 | 593 | 0

Мамлекеттик кызматтарда оптимизация жүрүшү зарыл, бирок анын кандай негизде ишке ашары башка маселе. Мындай пикирин экономика илимдеринин доктору, профессор Рустам Асизбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, оптимизация — мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу иштеши жана ал кыскартуусуз ишке ашпайт. Бирок айрым министрликтердин бириктирилиши суроо жаратууда.

«Маселен, Экономика министрлиги Финансы министрлигине үчүнчү жолу бириктирилип жатат. Бирок алар эки башка функцияны аткарат жана максаттары да башка. Эч бир өлкөдө мындай көрүнүш жок. Кезектеги оптимизация эффективдүү болбой калды. Болгону, агенттик, комитеттерди бир министрликтин астына топтоп коюшту», — дейт Азисбаев.

Ал белгилегендей, 2021-жылдын январына карата Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны 28 миң 800дү түзөт. Аларды калктын санына бөлгөндө, бир кызматкер 225 жаранга туура келет.

Ал эми АКШда бир кызматкер 157 жаранды тейлейт. Бул көрсөткүч Белорусияда 226, Кытайда 205, Казакстанда 185, Орусияда 60ты түзөт.

«Демек, Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны нормалдуу. Өкмөттүн мүчөлөрү 22ден 16га кыскарды. Орусияда бул көрсөткүч 33, Украинада 26, Белорусияда 43», — дейт Асизбаев.

Copyright © 2017 Maral FM