Биз менен байланышыңыз

«Адал эт паркы» долбоорун даярдоо боюнча макулдашуу ратификацияланды

Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 606 | 0

«Ушул жылдын 6-апрелинде Марокконун Марракеш шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын, жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын ортосундагы» Кыргызстандын адал эт паркы“ долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн техникалык жардам алууга грант берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 31-октябрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Финансы министрлиги Ислам өнүктүрүү банкына жана жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясына көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM