Биз менен байланышыңыз

Жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасын каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 634 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «ушул жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы» долбоорун каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 31-октябрында кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордун Кыргызстан тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кошумчалай кетсек, аталган долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн 55 млн доллар өлчөмүндө финансы каражаттары сарпталат.

Макулдашууга ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга суммасы 27,5 млн доллар болгон насыя (насыя 38 жылдык мөөнөткө берилет, жеңилдик мезгили — 6 жыл, жылдык үстөгү — 0,75  пайыз), ошондой эле, суммасы 27,5 млн доллар өлчөмүндө грант берүү аркылуу колдоо көрсөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM