Биз менен байланышыңыз

Азисбаев дүйнөлүк экономиканын өсүшүнүн негизги 3 себебин атады

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Фев 2021 | 656 | 0

Экономика илимдеринин доктору, профессор Рустам Асизбаев «Маралга» берген маегинде дүйнөлүк экономиканын өсүшүнө таасир эткен 3 негизги багытты атады.

Анын айтымында, коронавируска каршы вакцина иштеп чыгуу дүйнөлүк экономиканын өсүшүнө чоң таасир этет.

Учурда 80 мамлекет коронавируска каршы эмдөөгө даяр. «COVAX» программасы бир да өлкөнүн вакцинациясыз калуусуна жол бербейт.

Америка вакциналарынын бир дозасы 25-35 долларды түзөт. Калкты жок дегенде 2 жолу эмдөө керек. Бир топ өлкө эң аз 3 жолу эмдөөдөн өткөрүүдө. Ал эми Орусиянын «Sputnik-V» вакцинасынын бир дозасы — 10 доллар.

Кыргызстан калкын эмдөөдөн өткөрүшү керек. Болбосо эл аралык коомчулуктан бөлүнүп калуу ыктымалы бар, башка мамлекеттер чек арасын жаап коюшу мүмкүн. Вакцина тандоодо анын берген таасирине көңүл буруу кажет.

Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун маалыматына ылайык, 2021-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүү темпи 4.9 пайызды түзөт. Ал эми Кошмо Штаттардагы Морган Стэнли инвестициялык банкта бул көрсөткүч 5.5%ды түзөрүн билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM