Биз менен байланышыңыз

Өкмөт медкызматкерлерге убадалаган кенемтесин төлөп берет

Кыска кабар | 8 мая 2020 | 698 | 0

Өкмөт коронавируска каршы күрөшүүдө дарыгерлерге убадалаган кенемте акчасын төлөп берет. Бул тууралуу вице-премьер министр Аида Исмаилова бүгүн, 8-майда, брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн 4-майдагы буйругу менен медициналык жардам көрсөтүү жана илимий иштерди жүргүзүү учурунда коронавирус илдетин жугузуп алган бардык медицина кызматкерлерине убадаланган 200 миң сом төлөнүп берилет. Ал эми вирус жугузуп алып, каза болгон медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 млн сом төлөнүп берилет. Бул кенемтелер бир жолу төлөнөт.

Аида Исмаилованын маалыматына караганда, саламаттык сактоо уюмдарынын кызмат учурунда вирус жугузган кызматкерлерине кенемте төлөш үчүн республикалык бюджеттен 50 млн сом бөлүнгөн, кенемте атайын комиссиянын чечими менен берилет.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 226 учур катталды. Алардын ичинен 163 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан. Бирөө каза болгон.

8-майына карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын жалпы саны 906га жетти. Стационарда – 244, алардын ичинен алтоосу реанимацияда. 650 бейтап ооруканадан чыгарылган. Ал эми каза тапкандар – 12.

Copyright © 2017 Maral FM