Биз менен байланышыңыз

Баткендиктерге кенемте төлөп берүү каралууда

Кыска кабар | 16 Дек 2021 | 348 | 0

Учурда Баткен шаарынын тургундарына кенемте төлөп берүү маселеси каралууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаев маалымат жыйында билдирди.

Тажикстан менен чек арадагы куралдуу кагылыш учурунда Баткендин тургундары 80 миллион сомдук мүлкүнөн ажыраган.

Абдикарим Алимбаев белгилегендей, Баткенди калыбына келтирүү үч этапка бөлүнгөн. Биринчисинде 140 үй курулса, экинчисинде 76 ишкерге 14,5 миллион сом кенемте берилди.

Copyright © 2017 Maral FM