Биз менен байланышыңыз

Баткендеги ок атуудан Кыргызстандын 8 жараны жабыркады

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 728 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам ооруканага дагы 4 адам келип түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Баткен облустук бириккен ооруканасынын башкы дарыгери Азизбек Жунусовдун алдын ала маалыматына караганда, саат 14:30да тез жардам кызматы менен 4 адам келип түштү. Учурда алар медициналык кароодон өтүп, алган жаракаттарынын оордугу аныкталууда. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам ушул саатка чейин Кыргызстандын 8 жараны ооруканага кайрылды. Бир адам үйдөн дарыланууга жөнөтүлүп, экөө Самаркандек жалпы дарыгерлик практика борборуна жаткырылды. Алардын абалы канааттандырарлык. Дагы бирөө Лейлек жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилди, анын абалы орто оор. Калган 4 бейтап Баткен облустук ооруканасына жаткырылды.

Copyright © 2017 Maral FM