Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр: Коомдук транспорт азырынча жүргүзүлбөйт

Кыска кабар | 10 мая 2020 | 1276 | 0

Өзгөчө абал, коменданттык саат токтотулганы менен коомдук транспорттордун жүрүшүнө азырынча уруксат берилген жок. Премьер-министр муну коронавирус инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктери пайда болушу ыктымалдыгы, мындан улам бул этап өзгөчө мааниге ээ экендиги менен түшүндүрдү.

Коомдук транспорт азырынча киргизилбейт. Анын ичинде троллейбус, автобус жана кичи автобустарга уруксат жок. COVID-19 инфекциясынын жайылышынын тобокелдиктери пайда болушу ыктымал, мындан улам бул этап өзгөчө мааниге ээ. Ошого жараша санитардык талаптарды так сактоо менен бирге, социалдык аралыктын принциптери катуу тартипте көзөмөлгө алынат, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эскерте кетели, айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими бүгүн, 10-май саат 24-00дө аяктайт, коменданттык саат жокко чыгарылат. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими уланат.

Copyright © 2017 Maral FM