Биз менен байланышыңыз

Жээнбаева: Бюджетти үнөмдөөнүн бардык жолу каралып жатат

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 572 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков каржы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды. Президенттик аппараттан кабарлашкандай, жолугушууда бюджеттин аткарылышындагы азыркы жагдай жана каражаттарды үнөмдөө чаралары талкууланды.

Бактыгүл Жээнбаева белгилегендей, Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынынан кийин бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн мүмкүн болгон бардык варианттары караштырылууда”,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, ал донордук коомчулуктар, анын ичинде Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду жана башка эл аралык каржы институттары менен бюджетти колдоого каражат бөлүп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы  маалым болду.

Президент үнөмдөө өлкөнү санарипке өткөрүү, соттук-укуктук реформа, укук коргоо органдарын, анын ичинде жол жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуучу органдарды реформалоо, авариялык мектептерди оңдоп-түзөөнүн алкагындагы иш-чараларга тийиштүү болбошу керектигин айтты.

Ошондой эле мамлекет тарабынан эмгек акыларды, жөлөкпулдарды, пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча социалдык милдеттенмелер аткарылышы зарылдыгын баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM