Биз менен байланышыңыз

Президент: Пандемия учурундагы чыгымдарды каржылоого өзгөчө көңүл бурулушу керек

Кыска кабар | 5 мая 2020 | 591 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-майда, вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды. Жолугушууга финансы министри Бактыгүл Жээнбаева да катышты.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү жагдайында учурдагы макроэкономикалык кырдаал жана өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын турукташтыруу чаралары талкууланды.

Алдын ала маалыматтар боюнча 2020-жылдын январь–апрель айларында республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 77,2 пайызга аткарылган, бул пландалгандан 9,7 млрд сомго аз экени белгиленди.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Өкмөт тарабынан бюджеттин киреше бөлүгүнүн жетиштүү каржыланбай калуу тобокелдигине карай эки сценарий иштелип чыккандыгын маалымдады. Жыл аягына чейин бюджеттин киреше бөлүгүнө түшпөй калуулар боюнча мүмкүн болгон коркунучтарга баа берилген, ага ылайык, бюджеттин чыгаша бөлүгүнө түзөтүүлөр киргизилет.

Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу үч этап менен жүргүзүлөөрүн эске салды. Бир катар ишканалар менен уюмдар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн 2020-жылдын 1-майынан тартып жандандырышты.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева республикалык бюджеттин чыгымдарын кыскартуунун корголгон беренелер менен социалдык төлөмдөргө тиешеси болбостугун белгиледи. Ошондой эле бүгүнкү күндө өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн келген каржылык жардамдардын жалпы суммасы 174,5 млн АКШ долларын түзгөнүн маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков түзүлгөн кырдаалда эң биринчи көңүл коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жана өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаал шарттарында камсыздоо чаралары боюнча чыгымдарды каржылоого бурулушу керектигин айтты.

Бюджетти колдоо үчүн кошумча каражаттарды тартуу жаатында жумушту күчөтүүнүн маанисин, пандемияга байланыштуу экономикалык зыяндарга деталдуу баа берүү, республикалык бюджеттин артыкчылыктуу болбогон чыгымдарын кыскартуу максатында мындан ары анализ жүргүзүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Түзүлгөн кырдаалда ишмердигин жандандырган бизнес өкүлдөрүнө мамлекеттик түзүмдөр тарабынан болушунча колдоо көрсөтүлүшү керектигин өзгөчө белгиледи.

Мамлекет башчысы, ошондой эле тышкы карызды кайра түзүмдөштүрүү жана мөөнөтүн узартуу боюнча эл аралык каржы институттары жана донор-өлкөлөр менен иштерди активдештирүүгө көңүл бурду.

Мындан сырткары, дүйнөдөгү азык-түлүк продукцияларынын өндүрүшүндөгү жаңы чакырыктар жана божомолдорду эске алуу менен постпандемиялык мезгилдеги өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна комплекстүү баа берүү зарылдыгын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошону менен бирге экономикалык жоготууларга карабастан, мамлекеттин социалдык милдеттенмелери өз маалында толук көлөмдө аткарылышы керектигин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM