Биз менен байланышыңыз

Улуттук көчмөндөр оюндары: Каада-салт, маданият сынактарынын жыйынтыгы чыкты

Кыска кабар | 21 Сен 2019 | 841 | 0

Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында Талас облусундагы Кыргыз улуттук «Манас Ордо» тарыхый комплексинде өтүп жаткан оюн-зоокторго жарыяланган сынактардын жыйынтыгы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Атап айтсак, төмөнкүдөй сынактар уюштурулуп, алардын жеңүүчүлөрү атайын сыйлыктар менен сыйланышты:

Боз үйдү тез чечүү:

1-орун Ысык- Көл облусу;

2-орун Талас облусу;

3-орун Бишкек шаары;

Театрлашдаштырылган улуттук каада-салттар:

1-орун Ош облусу ыр номинациясы жана Бишкек шаары бий номинациясы боюнча;

2-орун Талас облусу жана Ош шаары;

3-орун Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облусу;

Мыкты боз үй:

1-орун Жалал-Абад облусу;

2-орун Ысык-Көл облусу;

3-орун Нарын облусу жана Чүй облусу;

Элдик кол өнөрчүлүк:

1-орун Нарын облусу;

2-орун Ысык-Көл облусу;

3-орун Жалал-Абад облусу;

Салттуу кийим-кечелер:

1-орун Баткен облусу жана Ош шаары;

2-орун Нарын облусу;

3 — орун Ош облусу;

Улуттук тамак-аштар:

1-орун Чүй облусу жана Ош шаары;

2-орун Ысык- Көл облусу;

Мындан сырткары, кызыктыруучу сыйлыктар каралып, активдүү катышкандыгы үчүн аймактардан чогулган «Ала-Тоо айымдары» коомдук-экологиялык кыймылынын мүчөлөрү, сынактарга мыкты даярдыгы үчүн Ош шаары жана өзгөчө кол өнөрчүлүгү менен айырмаланган Баткен облусунун өкүлдөрү да сыйланды.

Эске салсак, Улуттук көчмөндөр оюндарында 7 түрдөгү сынак уюштурулуп, ага 1 миллион сом байге коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM