Биз менен байланышыңыз

Улуттук көчмөндөр оюндарынын экинчи күнү [фото репортаж]

Кыска кабар | 20 Сен 2019 | 616 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан маданий иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, маданий иш-чаралар кечээ башталган. Бүгүн экинчи күнү өтүп жатат.

Мерчемделген программага ылайык, бүгүн «Манас-Ордо» тарыхый-маданий комплексинде Талас облусунун «Манас баяны», Чүй облусунун «Бурана», Ысык- Көл облусунун «Көл баяны» аттуу театралдаштырылган оюн-зоок программасы тартууланууда. Ошондой эле «Ала- Тоо айымдары» коомдук экологиялык кыймылы да атайын программа менен келген.

Комплекстин аймагына 300гө жакын боз үй тигилген. Боз үйлөрдүн биринде облустук программалардан сырткары, 25 манасчы элге «Манас» айтып беришүүдө.

Эске салсак, Улуттук көчмөндөр оюндары эртең жыйынтыкталып, салтанаттуу бөлүгү өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM